Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 23-январы №12/1-а
Жогорудагы биринчи маселенин а-пунктун угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын киреше бөлүгүнөн 2019-жылга калган 4081,6 (Төрт миллион сексен бир миң алты жүз) сом калдык акча каражаты төмөндөгүдөй тартипте:
- Жугуртуудогу накталай акчанын колому 400 000 (торт жуз миң) сом,
- ЖПБ нен тушкон акчанын 3/ 2 болугу ЖПБ не которулат 20 000 (жыйырма мин ) сом,
- Жыл-Кол бала бакчасынын тамак-аш чыгымдары 200 000 (Эки жүз миң) сом,
- Жыл-Кол бала бакчасына жылытуу чыгымдары 270 000 (Эки жүз жетимиш миң) сом,
- Товарларды алуу жана кызматтарга төлөө (ПСД, АПУ, ИТУ, Мам.Акт) 96 000 (Токсон алты миң) сом,
- Т.Сатылганов мектебинин 2 окуу классына парта, стул комплект алууга 40 000(Кырк миң) сом,
- Р.Сөлпиев мектебинин эшик-терезелерин алмаштырууга 70 000 (Жетимиш миң) сом,
- Н.И.Мешков мектебинин ажатканасынын чатырын алмаштырып жана ремонттоого 70 000 (Жетимиш миң) сом,
- Токтогул ажы мектебинин жылытуу системасын ондоого 160 000 ( жуз алтымыш мин ) сом,
- Кызыл-Жар айылындагы орт өчүрүү бөлүмүнүн атайын унаа коюуучу боксун жылуулоо, коргонунун дубалын тургузуу, электр энергиясын тартып берүүгө 170 000 (Бир жүз жетимиш миң) сом,
- Кум айылынын Ж.Наркулов мектебине көмүр навес курууга 300 000 (Уч жүз миң) сом,
- Мусоровоз ГАЗ-53-дизель (Таза Үч-Коргон МИге) 400 000 (Төрт жүз миң) сом,
- Жергиликтүү кеңештин фондуна 80 000 (Сексен миң) сом,
- Чегирткеге каршы күрөшүү үчүн иш-чараларды жүргүзүүгө 100 000 (Бир жүз миң) сом,
- Аксакалдар кеңешине 30 000 сом, Аялдар кеңешине 30 000 сом баарысы 60 000 (Алтымыш миң) сом,
- Жоон-Бакан жана Өкүн-Суу жайлоолоруна Мам.Акт алууга 100 000 (Бир жүз миң) сом,
- О.Соурбаев маданият үйүнө атайын жабдыктар үчүн 200 000 ( эки жуз мин )сом,
- Турак-жайы толук күйүп кеткен Юлдашев Шербекке материалдык жардам 50 000 (Элүү миң) сом,
- Сөөк ооруусу менен ооруган Абдыкеримов Мирланга материалдык жардамга 50 000 (Элүү миң) сом,
- ГСВ 14-15 тердин ички ремонту үчүн 50 000 (Элүү миң) сом,
- Кум ФАПтын жылытуу системасын орнотуу (2018-жылы тендер өткөрүлүп, келишим түзүлүп, 30% каражат которулуп берилген) 128 700 (Бир жүз жыйырма жети миң жети жүз) сом, калган калдыгы
- Жыл-Кол көпүрөнүн ремонту (2018-жылы тендер өткөрүлүп, келишим түзүлүп, 30% каражат которулуп берилген) 166 900 (Бир жүз алтымыш алты миң тогуз жүз) сом,калган калдыгы
- АРИСтен Хово алуу 25% өздүк салым (2018-жылы келишим түзүлгөн, 2019-жыл мартта техника келиши менен өздүк которулуп берилет) 900 000 (Тогуз жүз миң) сом,
ЖАЛПЫСЫ: 4 081 600 (Төрт миллион сексен бир миң алты жүз) сом жумшалсын.
2. Жогорудагы акча каражаттарын мыйзамдаштыруу жана максаттуу пайдалануу жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин «Бюджет жана каржы» маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына жүктөлсүн.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А.Эшалиев |