Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 23-январы №12/4
Жогорудагы төртүнчү маселени угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык Кеңештин сессиясына уруксатсыз, себепсиз катышпай, өз кызыкчылыгы үчүн келбеген депутаттарды этика комиссиясынын отурумунда мандатынан ажыратуу жагы каралсын.
2. Депутаттарды айылдык Кеңештеги жүргүзүп жаткан иштери боюнча шайлоочуларга жылына эки жолудан кем эмес отчет берүү жагы эскертилсин.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Эшалиев |