Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 23-январы №12/6-а
Жогорудагы алтынчы маселенин а-пунктун угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиялар тууралуу” Типтүү жобо бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссия төмөндөгүдөй курамда түзүлсүн:
1. Эшалиев А. - А/Кеңештин төрагасы, комиссиянын төрагасы.
2. Ташбаев А. - А/ө юристи, комиссиянын төрагасынын орун басары.
3. Алымкулов Ж. - А/ө жооптуу катчысынын м.а, комиссиянын катчысы.
4. Керимбеков З. - А/Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
5. Чомонов М. - А/Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
6. Исакеев Ж. - А/Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
7. Абдыллабекова Т. - А/Кеңештин депутаты, комиссиянын мүчөсү.
8. Асанов Б. - Аксакалдар сотунун төрагасы, комиссиянын мүчөсү.
9. Токторбеков А. - Аксакалдар кеңешинин төрагасы, комиссиянын мүчөсү.
3. Түзүлгөн комиссияга бекитилген жобонун негизинде иш алып баруу жагы жүктөлсүн.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Эшалиев |