Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 23-январы №12/6-д
Жогорудагы алтынчы маселенин д-пунктун угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Үч-Коргон айыл аймагындагы Мешков-Гадиев, Гадиев-Мырзабаев, Мешков-Баймырзаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги 2 метрлик чектөөлөр алынсын.
2. Чектөөлөр алынган жерлерге оор жүк ташуучу авто унааларга чектөө жөнүндөгү жол белгилери коюлсун.
3. Бул токтомду аткаруу жагы Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Мураталиевге милдеттендирилсин.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Назаралиев айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Р.Турдиевге милдеттендирилсин.
Төрага | А.Эшалиев |