Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 23-январы №12/6-ж
Жогорудагы алтынчы маселенин ж-пунктун угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн “Таза Үч-Коргон” муниципалдык ишканасынын жарыктандыруу үчүн ар бир жандан айына 5 (Беш) сомдон алынсын.
2. Жарыктандырууга чогултулган акча каражатынын иштетилбей калган суммасынан кээ бир жарыксыз калган көчөлөргө иштетүү жагы тапшырылсын.
3. Ак-Сайга таштандыларды төгүүчүлөрдөн (машина менен)
- Жеңил унаалар үчүн - 10 сом;
- Унаалар көтөрүмдүүлүгү боюнча:
500 тоннага чейин - 30 сом;
1000 тоннага чейин - 50 сом;
1500 тоннага чейин - 70 сом;
10 тоннага чейин -100 сомдон алынсын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
5. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А.Эшалиев |