Загрузка документа…
Ш.НАЗАРАЛИЕВ АЙЫЛДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2019 жылдын 23-январы №12/6-е
Жогорудагы алтынчы маселенин е-пунктун угуп жана талкуулап Назаралиев атындагы айылдык Кеңешинин кезектеги VII-чакырылышынын 12-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2019-жылга Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн “Таза Үч-Коргон” муниципалдык ишканасынын бюджети бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Бюджет боюнча туруктуу комиссия жогорудагы маселени тактап чыгып, аткарууга алсын.
3. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыялансын.
4. Назаралиев айылдык Кеңешинин ушул токтому Үч-Коргон айыл аймагынын Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн uchkorgon.webode.ru – веб сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчынын милдетин аткаруучу Ж.Алымкуловго жүктөлсүн.
Төрага | А.Эшалиев |