Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры №2
Таш-Көмүр шаарынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кулдышевдин маалыматын угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ чакырылышынын кезектеги 9 – cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Таш-Көмүр шаарынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Экономика жана бюджет” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы М.Кулдышевдин маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык мэриянын 05.12.2018-жылдагы №01-14/1877 чыгыш катына ылайык, Финансы министрлигинен республикалык бюджеттин бекитилгендиги боюнча кат келе электигине байланыштуу 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин долбоорунун түзүлүшү тууралуу маселе бүгүнкү сессиянын күн тартибинен алынып, кийинки сессияга жылдырылсын.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
Тѳрага | С.Сансызбаев |
|