Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры №3
Шаардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Асановдун маалыматын жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезектеги 9- cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардын жана шаарчалардын аймагында кышка карата аткарылган иштердин абалы тууралуу шаардык Кеңештин алдындагы “Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Асановдун маалыматы эске алынсын.
2. Шаардык мэрияга, шаардык билим берүү бөлүмүнө (Т.Шабданов), «Жылуулук камсыздоо» ишканасына (Н.Атабаев) жана РЭТ ишканасына (К.Сатиев) төмөндөгүлөр милдеттендирилсин.
• №3 Тоголок Молдо атындагы орто мектебинин жылуулук берүү системаларын иретке келтирүү. Түндүк отканасынын №3 орто мектебине жылуулук берүү жагын көзөмөлдөө жана тез аранын ичинде ремонт иштерин бүткөрүп, мектепке жылуулук берүү;
• «Мамалак» балдар бакчасында жылуулук электр энергиясына көз каранды болгондугуна байланыштуу борборлоштурулган жылуулук системасына кошуу;
• Мектептерге, бала бакчаларга берилген жылуулукту көзөмөлдөө үчүн термометрлер менен камсыздоо;
• Шамалды-Сай жалпы дарыгерлер практикалык борборунун көп бөлмөлөрүндө термометр коюлбагандыктан Шамалды-Сай ЖДПБнун директору М.Медеркановго иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
• №9 Осмонбеков атындагы мектебинин Тансу (10 кВт) аркылуу жылытылган системасын 60 кВт. жылытууга уруксат берүү же борборлоштурулган жылытуу системасын киргизүү долбоорун карап, 2019-жылга ишке киргизүү шаардык мэрияга, шаардык билим берүү бөлүмүнө (Т.Шабданов), «Жылуулук камсыздоо» ишканасына (Н.Атабаев) жана РЭТ ишканасына (К.Сатиев) жүктөлсүн.
• 2018-2019-жылдагы күз кыш мезгилдерине №1, 2, 4, 5, 8, 9, 10, 12, 14 мектептеринин жана “Наристе”, “Чабалекей”, “Ак-Кайың”, “Теремок”, “Байчечекей”, “Жомок”, “Үмүт” бала бакчаларынын даярдык иш-чараларын толук кандуу аткаргандыгы белгиленсин;
• Кышка карата даярдык көрүү максатында жүргүнчүлөрдүн жана авто транспорттордун коопсуздугун камсыз кылуу үчүн Таш-Көмүр – Кызыл-Жар автожолуна кум, шлагдарды төгүү;
• Шаардагы жана Шамалды-Сай, Кызыл-Жар, Кызыл-Алма шаарчаларында жайгашкан көп кабаттуу үйлөргө жылуулук берилбегендигине байланыштуу кыш мезгилдеринде электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү;
• Шаардык мэрия атайын комиссия түзүп, 2018-2019 күз-кыш мезгилине жеткирилген көмүр отунунун сапатын текшерүүнү жүргүзсүн.
3. Жогорудагы көрсөтүлгөн кемчиликтер боюнча тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилерине чараларды көрүп, аткарылган жумуштардын жыйынтыгы менен маалыматты шаардык Кенешке жылдын аягына чейин берүү жагы шаардык мэрияга милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
5. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы шаардык Кенештин алдындагы «Өнөр жай” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Асанов) жүктөлсүн.
Тѳрага | С.Сансызбаев |
|