Загрузка документа…
ТАШ-КӨМҮР ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 21-декабры №8
Шаардык мэриянын 07.12.2018-жылдагы “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынын директорун дайындоого макулдук берүү тууралуу” №01-14/1888 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун жана чыгып сүйлөгөн депутаттардын сын пикирлерин угуп жана талкуулап Таш-Көмүр шаардык депутаттар Кенешинин ХХIX - чакырылышынын кезектеги 9– cессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Шаардык мэриянын 07.12.2018-жылдагы “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынын директорун дайындоого макулдук берүү тууралуу” №01-14/1888 кайрылуу каты жөнүндө шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Райымжановдун билдирүүсү эске алынсын.
2. “Таш-Көмүр Тазалык” муниципалдык ишканасынын директорлук кызмат ордуна Кулдышев Болотбек Сагынбековичти дайындоого макулдук берилсин.
3. Бул токтомду мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык Кенештин аппаратына милдеттендирилсин.
4. Токтом жергиликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кенештин алдындагы “Мыйзамдуулук” боюнча туруктуу комиссиясына (А.Райымжанов) жүктөлсүн.
Тѳрага | С.Сансызбаев |
|