Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 24-декабры №2
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХI -сессиясынын күн тартибиндеги 2- маселеси Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун жылдык отчетун угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII- чакырылышынын кезектеги ХI -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылына карата айыл өкмөтүнүн социалдык экономикалык өнүгүү программасын турмушка ашыруу жаатында жасалган иш аракети жакшы деп табылсын.
2. 2018-жыл Региондорду өнүктүрүү жылында айыл өкмөтүнүн кабыл алган социалдык –экономикалык өнүгүү программасына кирип ,бирок аткарылбай калган иш чаралардын кээ бир түрү 2019-жылдын аткарылуучу иш чарасына киргизилсин жана бул маселелер боюнча өз убагында маалымат берип туруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Батыралиев |
|