Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №4/1
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги XII - сессиясынын күн тартибиндеги ар түрдүү маселенин 4/1- маселеси болгон Ак-Жол айыл өкмөтүнүн алдында муниципалдык ишкана ачуу жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги XII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол айыл өкмөтүнүн аймагындагы Ак-Жол ,Райкомол ,Кечүү айылдарынын тургундарын ичүүчү суу менен камсыздоо үчүн таза суу программасынын алкагында ЕБР гранты аркылуу бүткөрүлүүчү проектин негизинде иш алып баруу үчүн муниципалдык ишкана ачылсын.
2. Ак-Жол айыл Өкмөтүнун аймагындагы калктуу конуштардын бири-биринен аралыгы өтө алыс жайгашкандыгын эске алуу менен жана ЕБР тарабынан коюлган шарт боюнча 35%тик кайтарымды кайтарууга айыл өкмөтүнун мумкүнчүлүгү бар болгондуктан муниципалдык ишкананы а/ө базасында гана түзүүгө макулдук берилсин.
3. Проектинин жүрүшүндө пайда болгон муктаждыктарды чечүү , керек учурда айыл тургундарын мобилизациялоо жумуштарын аткаруу жагы убактылуу бекитилген Т.Нурманбетов, Б.Эшалиев жолдошторго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Батыралиев |