Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 08-февралы №4/2
Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги XII - сессиясынын күн тартибиндеги ар турдуу маселенин 4/2- маселеси болгон Таза суу проектисинин негизинде Европа Өнүгүү Банкынан каржыланган каражаттын 35%тик өлчөмүн кредит катары кайтаруу жөнүндөгү маалымат боюнча Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айыл аймактык Кеңешинин VII -чакырылышынын кезектеги XII - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ак-Жол , Райкомол , Кечүү айылдарынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында ЕБР тарабынан каржыланып жаткан каражаттын 35% тин узак мөөнөттүү кредит катары кайтаруу жагы ЕБРдин талабы экендигин жалпы таза суу пайдалануучуларга жеткирилсин .
2. Бул долбоор ишке ашкандан кийин ЕБР тарабынан берилген акча каражатынын 35% тик өлчөмү белгиленген графиктин негизинде кайтарылуу жагына макулдук берилсин.
3. Белгиленген 35%тик каражаттын өлчөмүн кайтаруу муниципалдык ишкана аркылуу жүргүзүлсүн.
Тѳрага | Т.Батыралиев |