Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы №1
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Аксы токой чарбасы менен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн ортосундагы талашка түшкөн жер аянттары жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун жана муниципалдык менчикти башкаруу адиси Ы.Молорбаевдин билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1992-жылдын 22-июнундагы №291-токтомуна №1 –тиркеме болуп, Жалал-Абад областынын райондорундагы мамлекеттик токой саясатын колдоп өткөрүлүп берилүүчү жерлердин ЭКСПЛИКАЦИЯСЫна негиз Аксы районунундагы Жаңы—Жол совхозунун Күрп-Сай обходунан жалпысы 2501 га жер аянты токой чарбасына өткөрүлгөн. Бул ЭКСПЛИКАЦИЯда көрсөтүлгөн 2501 га жер аянты Кыргыз Мамлекеттик токой инспекциясынын 3-июль 1992-жылкы №15-буйругунда да Күрп-Сай обходунан 2501 га жер аянты өткөрүлгөндүгү көрүнүп турат. Ал эми 1992-жылдын 3-октябрындагы 247-Р буйругу менен түзүлгөн атайын райондук комиссиянын актысы менен Күрп-Сай обходунда көрсөтүлгөн жер аянтынан сырткары Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Ак-Жол , Тегене, Кечүү , Эчкили , Райкомол , Жолборсту айылдарынан жалпысы 3537 га жер аянты Күрп-Сай обходундагы жер аянтына кошумча негизсиз өткөрүлүп берилгендигин угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мамлекеттик токой саясатын колдоо максатында Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Күрп-Сай обходунан 2501 га . жер аянты токой чарбасынын кароосуна өткөрүлүп берлигени негиздүү деп табылсын.
2. 1992-жылдын 3-октябрындагы 247-Р буйругу менен түзүлгөн атайын райондук комиссиянын актысында көрсөтүлгөн Күрп-Сай обходундагы 2501 га жер аянтынан сырткары Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Ак-Жол , Тегене, Кечүү , Эчкили , Райкомол, Жолборсту айылдарынан жалпысы 3537 га жер аянты акты менен өткөрүлүп берилгендиги негизсиз деп табылып, комиссиянын АКТысын жокко чыгаруу боюнча иш аракеттер жасалсын.
3. Өткөрүлүп берилген 3537 га жер аянты айыл өкмөттун аймагындагы калктуу конуштардын тургундарынын үлүшкө берилген жер аянттарынан тургандыктан токой чарбанын кароосуна берилип, картага түшүрүлгөндүгү жөнүндө жогорку органдарга маселе коюу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына тапшырылсын.
Тѳрага | Т.Батыралиев |