Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы №2
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Финансы жана Экономика бөлүмүнүн башчысы С. Ажыматовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин VII –чакырылышынын кезексиз ХII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерине мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
1. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкеринин эмгек акысы, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук мамлекеттик салык кызматы менен түзүлгөн келишимге ылайык төлөнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы С Ажыматовго милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т.Батыралиев |