Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 15-февралы №3
Ак-Жол айыл аймактык кенешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясынын күн тартибиндеги үчүнчү маселеси болгон мамлекеттик сыйлыкка көрсөтүү жөнүндө Ак-Жол айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мырзагуловдун билдирүүсүн угуп жана М.Сыдыков атындагы №17 жалпы орто билим берүүчү мектебинин педагогикалык кеңешинин 21.01.2019-жылдагы №3-токтомун талкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VII-чакырылышынын кезексиз ХIII-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. М.Сыдыков атындагы №17 жалпы орто билим берүүчү мектебинин педагогикалык кеңешинин 21.01.2019-жылдагы №3-токтому негиздүү табылсын.
2. М.Сыдыков атындагы №17 жалпы орто билим берүүчү мектебинин математика мугалими , Кыргыз Республикасынын “Ардак грамотасы”, Кыргыз Өкмөтүнүн “Ардак грамотасы” , “Ардак белгиси” төш белгисинин ээси “Эл агартуунун мыктысы” жана башка бир топ сыйлыктардын ээси Берикбаева Сейилбүбү Саламатовнанын көп жылдык үзүрлүү эмгегин баалоо менен Кыргыз Республикасынын “Эмгек сиңирген мугалими” ардактуу наамына татыктуу экендиги белгиленсин .
3. Бул токтомду Жалал-Абад облустук юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүп, тиешелүү инстанцияларга документти жөнөтүү жагы айылдык Кеңештин катчысы К.Сатыбековго жүктөлсүн.
Тѳрага | Т.Батыралиев |