Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №106
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылууларын, Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын , Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын отурумун эске алып.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына инвестиция тартуу максатында кичи ГЭС курууга Коңур-Өгүз суусунун жээгинин 44,20. 5245, 5247 контурунда жайгашкан 1га жер аянты ЖЧК “Энерго Сервис LTD” келишимдин негизинде берилсин.
2. Кичи ГЭС курууга берилген жердин тиешелүү документацияларын даярдоого кеткен чыгым ЖЧК “Энерго Сервис LTD” каражатынан жумшалсын.
3. Кичи ГЭС курууда Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт жерлерге жана экологияга зыян келтирилбөө жагы каралсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Э.Бакиевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Э.Сагынбеков |
|