Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №107
Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын жашоочуларынын кайрылууларын, Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын сунушун эске алып.
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын Орто-Жон айылында жайгашкан № 36 А. Ибраимов атындагы орто мектебинин полун оңдоого 2018-жылдын 29-декабрына чейин дем берүүчү грантка долбоор жазып киргизип, акча каражат табуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Т.Мундусбаевага тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жана Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Э.Сагынбеков |
|