Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №108
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 23.11.2018-жылдагы № 4 токтомунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы Көк-Таш айылынын тургуну Арасулов Эрнисбектин жеке менчигиндеги мамлекеттик актысында идентификациялык код 3-07-09-1001-1343 номериндеги 750 кв метр жер аянтын демөөрчүлүк катарында айыл өкмөттүн карамагына муниципалдык менчик катары өткөрүп берүүсү КРнын жер мыйзамдарына ылайык канаттандырылсын.
2. КРнын жер мыйзамынын беренелерине ылайык мыйзамдаштырууну кароо жагын Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Э.Сагынбеков |
|