Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 19-декабры №110
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнө айылдын калкынын баардык маалыматтарын сактап, маалымдама берүү үчүн “Айыл” программасын жана айыл тургундарынан келген арыз даттанууларды, жогору жактан келген токтом буйруктарды каттоого алып, аткарылышын көзөмөлгө алуу үчүн “АСКИД” программасын сактап туруу үчүн айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен компьютер комплекти алууга акча каражат бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozgorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Э.Сагынбеков |
|