ТоктомКүчүндө

Ноокат шаардык кеңешинин 2017-жылдын 16-февралындагы № 7 «Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен Крупская атындагы орто мектебине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө» токтому

Редакция16.02.2017 редакциясы
Жүктөө .docx
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Ноокат шаардык кеңешинин кезектеги IV чакырылышынын XXXXIII сессиясы

 

2017-жылдын 16-февралы № 7

Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинен Крупская атындагы орто мектебине акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө

Ноокат шаар мэриясынын бюджетинен 2017-жылдын бюджетиин эсебинен акча каражатын бөлүштүрүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ноокат шаарынын аймагындагы Крупская атындагы орто мектебинин ашканасын Азык-Түлүк программасы боюнча ремонттон өткөрүү үчүн 709-бөлүмдүн 3111-беренесине 300 000 (үч жүз мин) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын. 

 

Төрага

А. Гафаров