Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-февралы №113
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн суммасы (Республикалык берилүүчү теңдөөчү гранты кошуп эсептегенде) 12464,5 миӊ сомго бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджети 2019-жылга 6788,0 миӊ сомго бекитилсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн атайын каражат эсеби 2019-жылга 750,0 миӊ сомго бекитилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2018-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1 % өлчөмүндө же 113,0 миӊ сомго белгиленсин.
5. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеӊешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33- беренесинин 5- пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы № 04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
6. Айылдык Кеӊештин сессиясын уюштуруу, туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга ж.б кетүүчү чыгымдар жергиликтүү бюджетте айыл өкмөттө каралган статьялардан жумшалсын .
7. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн Кеӊешине түшкөн арыз, кайрылуу сунуштарды канаттандыруу үчүн бюджетке кошумча каражат табуу жагы айыл өкмөткө (жер салыктарынан, аренда ФПС, транспорт ж.б.) тапшырылып, аны жумшоо айылдык Кенештин макулдугу менен жумшоо тапшырылсын.
8. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнүн башчысы Ж.Садыковго жылдын ичинде жергиликтүү бюджеттин өзгөртүүсүнө карата сессияларга маалымат берип туруу жагы милдеттендирилсин.
9. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
10. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
11. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Э.Сагынбеков |
|