Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-февралы №119
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ьЖалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен 2019-жылга карата бөлүнгөн акча каражаттарынын жумшалышы жөнүндөгү Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаттары тарабынан айтылган сунуштар эске алынсын.
2. Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинен 2019-жылга карата бөлүнгөн акча каражаттан Шайык, Камыш-Башы айылдарындагы жаңы түшкөн көчөлөргө электр энергиясын толук кандуу жеткирүү үчүн электр мамы, электр чубалгыларын орнотууга 800000 (сегиз жүз миң) сом жумшалсын.
3. Бул курулушка тиешелүү документацияларын даярдоого (АПУ, ИПУ, аянтты изилдөө жумуштарына) жумшалуучу каражат айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен жумшалып аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңештин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Мутуевге жана Курулуш, архитектура, энергетика транспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э.Бакиевге тапшырылсын.
5. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
6. Токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
Тѳрага | Э.Сагынбеков |
|