Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-февралы №122
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 07.02.2019-жыл № 6 отурумунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Көк-Таш айылынын тургуну Сарбагышов Илимбектин кичи футбол, муз тебүү аянтчасын курууга КРнын тиешелүү жер мыйзамдарына ылайык муниципалдык жер аянттан курулушка тиешелүү жер аянтын бөлүп берүү жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага | Э.Сагынбеков |
|