Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-февралы №124
Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 07.02.2019-жыл № 8 отурумунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагына караштуу Аң-Арык айылынын тургуну Мамбеталиева Дамиранын Опоз участкасындагы жайыт жерге 1990-жылдан 1га жерге бак дарак тигип пайдаланып жүргөн жерин КРнын жайыт мыйзамынын негизинде келишим түзүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевге тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага | Э.Сагынбеков |
|