Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 20-февралы №125
Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин жайыт жерлердин чек арасын тактоо жана мыйзамсыз жайыт жерлердин башка чектеш айыл өкмөттөргө берилип кеткендигин карап мыйзам чегинде кайтарып алуу жолун кароо жөнүндө Кызыл-Өзгөрүш айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 07.02.2019-жыл № 9 отурумунун негизинде Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү XIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Өкмөттөрдүн чек араларын чечүүдө КРнын тиешелүү жайыт, жер административдик территориялык мыйзамдарына ылайык, мыйзамдаштырууну карап, чечүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевге жана Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго тапшырылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин Агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Ө.Төрөкуловго тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага | Э.Сагынбеков |
|