Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 17-декабры №15-1
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысынын жана жергиликтүү кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун жергиликтүү бюджеттин үнөмдөлгөн акча каражатын жылдыруу жөнүндөгү корутундусун карап жана талкуулап, сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн бюджетинин Р-70911 (бала бакча) бөлүмүнүн 31112290 (башка имараттарды сатып алуу жана куруу) статьясында жайгашкан 676400 (алты жүз жетимиш алты миң төрт жүз) сом акча каражатынан, Боспиек айылынын 900 метр аралыкты жана Жерге-Тал айылынын 600 метр аралыкты жарыктандырууга 140 500 (бир жүз кырк миң беш жүз) сом акча каражатын Р-70629 бөлүмүнүн 31112290 статьясына жана Жерге-Тал айылынын көчөлөрүн шагалдоого Р-70629 бөлүмүнүн 31113320 (жолдорду капиталдык оңдоо) статьясына 284 200 (эки жүз сексен төрт миң) сом жылдырылсын.
2. Сметага киргизилген өзгөртүүлөр боюнча тиешелүү иш кагаздарын даярдатуу жана аталган акча каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет жана каржы маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | К.Шакиев |
|