Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 01-февралы №16-3
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 13-беренесине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап,сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уведомлениелер менен ылайык кабыл алынып, “канааттандырарлык” деп бекитилсин.
2. 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү өздүк бекитилген киреше 3518,2 миң(үч миллион беш жүз он сегиз миң эки жүз) сом,теңдөөчү грант 7844,0 миң (жети миллион сегиз жүз кырк төрт миң) сом,ата-энелер төлөмү 1006,2(бир миллион 6 мин эки жүз) сом,2018-жылдын калдык акчасы 2550,198 (эки миллион беш жүз элүү миң жүз токсон сегиз) сом кошулуп,жалпысы:14778,698(он төрт миллион жети жүз жетимиш сегиз миң алты жүз токсон сегиз) сом эсебинде бекитилсин.
3. Жергиликтүү бюджеттин 2019-жылдагы чыгаша бөлүгү 1-тиркемеге ылайык 14778,698(он төрт миллион жети жүз жетимиш сегиз миң алты жүз токсон сегиз) сом эсебинде бекитилсин14778,698(он төрт миллион жети жүз жетимиш сегиз миң алты жүз токсон сегиз) сом эсебинде бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесинин негизинде жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнүн 1%га чейинки же болбосо 80,0 (сексен миң) сом эсебинде айыл өкмөттүн резервдик фондусу түзүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110-беренесинин негизиндн калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 150,0 (жүз элүү миң) сом,айыл аймактын инфраструктурасын жакшыртууга 860,198 (сегиз жүз алтымыш миң бир жүз токсон сегиз)сом,жолдорду капиталдык оңдоого 1 000,0 (бир миллион) сом,логистикалык борборго өздүк салым үчүн 240,0 (эки жүз кырк миң) сом жана Алтынай каналын ремонттоого 300,0 (үч жүз миң) сом бекитилсин.
6. Атайын каражаттан аппаратка калган 3,9 (үч миң тогуз жүз) сом акча каражаты ар түрдүү чыгымдар статьясына жумшалсын.
7. Бала бакчалар статьясында калган 57,7 (элүү жети миң жети жүз) сом акча каражатынын 27,7 (жыйырма жети миң жети жүз) сом акча каражаты ар түрдүү чыгымдар статьясына жана 30,0 (отуз миң) сом акча каражаты учурдагы чарбалык максаттар үчүн предметтерди жана материалдарды сатып алуу статьясына жумшалсын.
8. Жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткарууну кабыл алынган пландарга ылайык жүргүзүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы Э.Найманбаевга жүктөлсүн.
9. Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айыл өкмөттүн жооптуу катчысы Н.Багышбековага милдеттендирилсин.
10. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасына тапшырылсын.
Тѳрага | К.Шакиев |
|