Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 16-февралы № 8
Ноокат шаарынын аймагындагы Абдуллаев атындагы көчөсүнө акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө
Ноокат шаарынын аймагындагы Абдуллаев атындагы көчөсүнө электр маамыларын орнотуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде "Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ноокат шаарынын аймагындагы Абдуллаев атындагы көчөсүнө электр маамыларын орнотуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2017-жылдын бюджетинин эсебинен 198 000 (бир жүз токсон сегиз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кенешинин бюджет, финансы, экономика, соода маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |