ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чаткал айылдык кеӊешинин VI чакырылышынын III сессиясы
2017-жылдын 02-марты №3
Жайыттарды сарамжалдуу пайдалануу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын 4-беренесине ылайык Жалал Абад облусунун Чаткал районунун Чаткал айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын IV- сессиясынын жайыт жерлерин натыйжалуу жана сарамжалдуу башкарууну жана пайдаланууну камсыз кылуу максатында угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл Өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ыйгарым укуктары өткөрүлүп берилсин.
2. Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы Жайыт комитетине жайыт жерлерин башкарууну жана пайдаланууну жергиликтүү кенеш тарабынан расмий бекитилген Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча жамааттын көп жылдык жана бир жылдык пландарынын негизинде гана жүргүзүүсү милдентендирилсин.
3. Ушул токтомдун экинчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн пландар өз убагында аткарылбаса же аларды иш жүзүнө ашырууда одоно кемчилдиктерге жол берилсе, анын ичинен Жайыт комитетинин карамагындагы акча каржаттары максатсыз жана натыйжасыз пайдаланылса өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктары кайта жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына кайтарылып алынары Жайыт пайдалануучулар бирикмесине жана анын аткаруу органы – Жайыт Комитетине эскертилсин.
4. Жайыт комитетинин башчысы Жайыт комитетинин бардык мүчөлөрүнө, жайыт пайдалануучуларга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына, жайыттарды башкаруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына жана анын жергиликтүү расмий өкүлчүлүктөрүнө Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин Уставына жана бекитилген пландарга ылайык өз убагында толугу менен тийиштүү отчетторду, маалыматтарды берип туруусуна милдетүү.
5. Жайыт комитетине жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан жайыттарды башкаруу жана пайдалануу боюнча пландарды өз убагында жана бекитилген тартипте даярдоодо, макулдашууда, бекитүүдө жана аткарууда ар тараптуу жардамдар такай көрсөтүлүп туруусу белгиленсин.
6. Жайыт жерлерин башкаруу жана пайдалануу боюнча аткарыла турган бардык иш-чаралар Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” Мыйзамынын негизинде жүргүзүлүүсү каралсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын тейлөө Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысы Б.Исабековго жүктөлөт.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|