Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты №2
Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу Чандалаш участкасындагы калкты турак жай менен камсыздоо максатындагы Чаткал айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын IV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу Жаны Базар айылындагы Чандалаш участкасынан калкты турак жай менен камсыздоодо ар бир жер алуучу айыл тургундары үчүн 1500 м2 ден жер аянты бөлүнүп берилсин.
2. Атуулдарга бөлүнүп берилген турак жай үчүн жерлердин ген планын түзүү Чаткал райондук архитектура жана шаар курулуш башкармалыгынан суралсын.
3. Турак жай үчүн жер бөлүп берүүнү мыйзам чегинде бөлүштүрүү жагы Чаткал айыл Өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чаткал айылдык Кенешинин мыйзамдуулук жана архитектура боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|