Загрузка документа…
ЧАТКАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 17-марты №3
Чаткал айыл өкмөтүнүн жер жана турак жай адисинин сунушун угуп жана талкуулап Эл депутаттарынын Чаткал айылдык Кенешинин VI-чакырылышынын IV -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чаткал айыл өкмөтүндө жер бөлүү жана талаш тартыш маселелер боюнча атайын №1 тиркемеге ылайык комиссия бекитилсин. Тиркеме 1.
2. Үй там, мал сарайларды каттоо боюнча түшкан арыздардын негизинде төмөнкү атуулдарга уруксат берилсин:
Ø Ак терек дыйкан чарбасына тиешелүү Терс участкасындагы үй там,мал сарайы Мамыров Бактыбекке өткөрүп алууга уруксат берилсин.
Ø Рават участкасындагы үй тамды жер участкасы менен өзүнө менчикке алуу үчүн Атагелдиева Жга уруксат берилсин.
3. Ак Таш айылындагы иштетилбей бош жаткан жерден,жана Жаны Базар айылындагы Аэропорт участкасындагы жерлерди там аркага берүү жогорудагы түзүлгөн комиссиянын кароосунун чечими менен тактап чыгып жер кыркылып берилсин.
4. Ак таш ,Жаны Базар айылындагы жарандардын там салып алгандарга токтом берүү жагы жер боюнча түзүлгөн комиссиянын кароосуна сунушталып чечилсин.
5. Мусордук палигонду эрежеге ылайык долбоорун даярдап чыгып сунуш кылынсын.
6. Мал өстүрүү максатында кашар салуу үчүн кайрылган жарандарга айыл өкмөтүндөгү түзүлгөн комиссиянын кароосуна сунуш кылынсын.
7. Чаткал айыл өкмотүнүн кайра бөлуштүрүү фондунун жерлерин арендага берүү төмөнкүдөй белгиленсин:
-Суулу жер 1га жер үчүн 800 сом өлчөмүндө,
кайракы жер үчүн 1 га жерге 250 сом,
Чөп чабынды 1га жер үчүн 200 сом өлчөмүндө бекитилсин.
8. Айыл чарбасына жараксыз жерлер 1 м2 жер 100 сом өлчөмүндө аукциондун негизинде берүү милдеттендирилсин.
9. Чаткал айыл өкмөтүнө караштуу токойлорду сактоо максатында атайын адиске эмгек акы төлөп берүү келишимдин негизинде ишке ашыруу Чаткал айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
10. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзамдуулук жана жер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Тѳрага | Эргеш уулу У. |
|