Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
2018-жылдын 27-декабры №-01-8/48
Баткен шаарынын аймагында 6 орто, 1 гимназия мектеп, 2 башталгыч мектеп, 4 мамлекеттик мектепке чейинки билим берүүчү мекемелери өз ишмердүүлүктөрүн жүргүзүп келишет. Бул билим берүү мекемелеринде 2018-2019- окуу жылында 5899 окуучу билим алып, 4 мектепке чейинки мекемелеринде 1091 бала тарбияланып, аларга356 педагог, 43 тарбиячы билим тарбия берип келишет.
2017-2018-окуу жылында окуучулардын предметтик олимпиадалары окуу планындагы 12 сабактан алгач мектептерде, анан шаарда өткөрүлдү. Шаардык турда 34 окуучу байгелүү орундарга ээ болушуп, мектеп окуучуларынын предметтик олимпиадасыныноблустук туруна жолдомо алышты. Окуучулардын предметтик олимпиадасынын областтык туру 2017-жылдын февраль айында өткөрүлүп, олимпиаданын жыйынтыгында Баткен шаарынын 18 окуучусу б.а. 2сү - 1-орунду, 5 окуучу 2-орунду, 11 окуучу 3-орунду камсыз кылышты. Окуучулардын предметтик олимпиадасынын республикалык турунда Ж.Бөкөнбаев мектебинин 11-кл. окуучусу Ысманова Гүлнур кыргыз тили жана адабияты предметинен 2-орунду, областтык гимназия-жатак мектебинин окуучусу Орозалиева Айзирек биология предметинен 1-орунду ээлешти. Окуткан мугалимдери Абдрашитова Гүлсара, Орозбаева Сайда. Быйылкы окуу жылында шааардык мэрия, билим берүү бөлүмү жана шаардык профсоюз комитетинин ортосунда үч тараптуу келишимге ылайык областтык, республикалык олимпиадада байгелүү орундарды ээлеген окуучулардын окуткан мугалимдердин иши өзгөчө бааланып мугалимдердин чыгармачыл ишине стимул берүү максатында 128 000 сом акчалай жардамдар көрсөтүлг\н.
Быйылкы окуу жылында шаардагы орто мектептер мамлекеттик аккредитациялоодон өтүшүп, сертификаттарды алуунун алдында турушат.Окуучулардын базалык билимин аныктоодо республикабызда өткөрүлүп жаткан “Жалпы республикалык тестирлөө” өзүнүн объективдүү таасирин берип келет. Баткен шаары боюнча 2017-2018-окуу жылында 307 окуучу окууну бүтүрсө, анын 277 жалпы республикалык тестке катышты. ЖРТнын жыйынтыгы менен босого упайдан (110 упай) 166 окуучу өттү. Тактап айтканда 110-150 упайга чейин 108 окуучу , 151-200 упайга чейин57 окуучу, 200 упайдан жогору 1 окуучу. Эң жогорку 202 упайды Баткен областтык гимназия-жатак мектебинин окуучусу Сапаралиева Айтунук камсыз кылган.
2018- жылдын 2-июнунан 20- июнуна чейин шаардын билим берүү мектептеринде 9-11 класстатарынын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестациядан өтүшкөн. Быйылкы окуу жылында 9-классты - 463, 11-классты 307 окуучу бүтүрүшүп, алардын ичинен 9-класстардан25 окуучу артыкчылык күбөлүктөрүнө ээ болушкан. 2017-2018-окуу жылында Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн карамагындагы 5 орто жана 1 гимназия мектептен 14 окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатын алуу үчүн сынакка катышкан. Жыйынтыгында 3 окуучу “Алтын тамга” артыкчылык аттестатына ээ болушкан. Алар: Баткен областтык гимназия-мектеп-интернатынын 11-классынын окуучулары Алмаз кызы Кызжибек, Сапаралиева Айтунук, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин окуучусу Султанова Орозгүл.
Май айында Бишкек шаарында өткөрүлгөн “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашынын республикалык туруна Баткен шаарынан В.И.Ленин атындагы орто мектебинин жана Баткен областтык гимназия-мектеп-интернатынын командалары катышып, жыйынтыгында В.И.Ленин атындагы орто мектебинин кыргыз тили мугалими Рахматова Сапия даярдап “Бүтүн Ала Тоо” тайпасы 1-орунга татыктуу болушкан.
2018-жылдын 14-майынан 17-майына чейин Ош шаарында “21-кылымдын интеллектуалдары” кароо сынагынын республикалык туру өткөрүлүп, ага – В.И.Ленин, С.Айтматов, А.Имаров-Кызыл Топу атындагы орто мектептеринин жана Баткен областтык гимназия-жатак мектебинин окуучулары катышышты. Жыйынтыгында Баткен областтык гимназия-жатак мектебинин окуучулары Абдразоков Алишер, Закиров Нурсултандар 3-орунду ээлешкен.
“Мыкты мектеп-2018” кароо сынагынын облустук турдан Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектеби 1-орунду камсыз кылган.
“2018-жыл – региондорду өнүктүрүү жылына” карата 2018-жылдын 11-апрелинде С.Айтматов, В.И.Ленин атындагы орто мектептеринин базасында “Жыл мугалим – 2018” кароо сынагынын шаардык туру өткөрүлдү. Натыйжада 1-орунду В.И.Ленин атындагы орто мектебинин тарых мугалими Авлиёев Фурхат ээлеп, 1-даражадагы диплом жана 13 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланса, 2-орунду А.Имаров-Кызыл Топу атындагы орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Жолболдуева Минавар ээлеп, 2-даражадагы диплом жана 11 000 сом акчалай сыйлык менен сыйланган. Ал эми 3-орунду Кызыл-Жол орто мектебинин музыка мугалими Нарматов Равшанбек камсыз кылып, 3-даражадагы диплом жана 9 000 сом акчалай сыйлык берилген. Ал эми калган сынактын катышуучулары Билим берүү бөлүмүнүн жана Баткен шаардык профсоюз комитетинин Ардак грамоталары жана баалуу сыйлыктары менен сыйланышкан. Аталган конкурстун областтык туру 24-25-апрель күндөрү В.И.Ленин атындагы орто мектебинде өткөрүлүп, анда тарых сабагынын мугалими Авлиёев Фурхат байгелүү 3-орунду, ал эми Баткен областык гимназия-жатак мектебинин мугалими Ражепали к Акбермет 1-орунду ээлешкен.
2017-2018-окуу жылында Баткен гимназия мектебинин география мугалими Султан Момунов “Мугалим” журналынын “Жылдын мыкты мугалими” номинациясында 1-орунду жеңип алган.
Мектептерди 10, 20, 30 жыл мурда бүтүп кеткен мектеп бүтүрүүчүлөрү тарабынан төмөндөгү иштер аткарылган: С.Айтматов, Кызыл-Жол орто мектептерине баасы 30 000 сомдук проектор жана экран, Кызыл-Жол башт.мектебине 3х1 принтер алынып берилди. Баткен областтык гимназия-жатак мектебине эс алуучу беседка орнотулуп аз да болсо мектеп окуулуларынын билимин тереңдетүүдө моралдык жана техникалык жардам болгон.
2017-2018-окуу жылында Ж.Бөкөнбаев, В.И.Ленин, Кызыл-Жол орто жана Баткен областык гимназия-жатак мектептери камкорчулар кеңешинин, бүтүрүүчүлөрдүн колдоосу менен 11 акылдуу доска алынып орнотулган.
Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнө караштуу кыргыз тилдүү мектептерге 1 музыка жана 2 дене тарбия мугалими, ал эми орус тилдүү Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине 1 дене тарбия, 1 башталгыч класстарынын мугалимдери жетишпейт. Калган мектептерде кадр маселеси толук чечилген.
Мугалимдердин өз билимдерин өркүндөтүп туруу белгилүү даражада коомдун жаңылануусуна олуттуу таасир кылаары талашсыз. Айрыкча жагымдуу моралдык психологиялык жагдайды түзүүгө багыт алып, ошолорго негизделген коомдо мектептин, мугалимдин жана билим берүүнүн жаңылануусу орундуу мааниге ээ. Анткени мугалимдин билимин өркүндөтүү, окуучулардын билим сапатын жогорулатуунун эң негизги рычагдарынын бири болуп саналат. 2017-2018-окуу жылында шаар мектептеринен 113 мугалим Ош шаарына, Бишкекке барып, квалификациялык өз билимдерин өркүндөтүү курстарынан өтүшкөн.
Шаардык мугалимдердин август секциялык иши Баткен областык гимназия-жатак мектебинде өткөрүлүп, секциялык иштин жүрүшүндө окуу жылындагы өзгөчөлүктөр, базистик окуу планга киргизилген айрым өзгөртүүлөрдүн себептери жөнүндө маалыматтар берилген. Мектептин педагогикалык жамааты тарабынан заманбап, колдонгонго ыңгайлуу, ар тараптуу жасалган көргөзмө куралдардын көргөзмөсү өткөрүлгөн. Мугалимдер муктаж болгон көйгөйлөрдүн негизинде окутуу семинарлары уюштурулуп, жаңычыл инновациялык усулдарды колдонуу, заман талабына ылайык ачык сабактар өтүлдү. Базистик окуу планы боюнча талкуу болуп натыйжада 2018-2019-окуу жылына карата календардык пландар түзүлгөн.
Билим сапатын камсыз кылууда окуучулардын ички руханий байлыгын, билимин өстүрүүдө окуу китептеринин ролу зор. Билим берүүдөгү негизги компоненттердин бири бул окуучулардын китеп менен камсыз болуусу. Бул багытта жалпы билим берүүчү мектептердин китеп фонддорун жаңы муундагы окуу китептери жана окулуучу адабияттар менен толуктоо негизги максаттардын бири болуп келет. Өткөн окуу жылында Министрлик тарабынан 7307 даана 724 410 сомдук 1-11-класстарга11 аталыштагы китептер келген. Жалпы китеп менен камсыз болуу 78% түзөт.
Мугалимдердин профессионалдык деңгээлин жогорулатуу максатында Баткен шаардык билим берүү бөлүмүнүн алдында уюшулган окуу-усулдук кабинетинин методисттери тарабынанКызыл-Жол орто мектебинин базасында “Энелер мектебинин балдарды тарбиялоодогу жана билим сапатын көтөрүүдөгү орду”, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинде “Окуу бөлүмүнүн башчысынын иш кагаздары”, С.Айтматов а.о.м. базасында “Алтын колдуу мугалим”, Кызыл-Жол башт.мектебинде “Башталгыч класс окуучулардын окуп түшүнүүсүн жакшыртуунун усулдары”, С.Огата атындагы орто мектебинде орус тилчи мугалимдеринин “Праздник мам” аттуу семинарлар, конференциялар, тегерек столдор өткөрүлгөн.
Баткен шаар | Окуу программасынын аткарылышы (%) | Билим сапаты (%) | Окууда жетишпеген окуучулардын саны | Республикалык олимпиаданын 4 этабынын жеңүүчүлөрдүн саны | “Алтын тамга” менен бүтүп жаткан окуучулардын саны |
2016-2017-окуу | 100 | 52 | 0 | 5 | 2 |
2017-2018-окуу | 100 | 53 | 0 | 3 | 3 |
№ | Жылдар | Жалпыбүтүрүүчүлөр | АныничиненЖРТгакатышканы | Упай көрсөткүчтөрүбоюнча | 110 упайданжогоруалганбардыкокуучулардын саны | % | |||||
110 упайгачейин | 110-150 упайгачейин | 151-200 упайгачейин | 200 упайданжогору | Жалпыбүтүрүүчүлөргө | ЖРТгакатышкандардынсанына | ||||||
1 | 2014-2015-окуу жылы | 196 | 160 | 106 | 51 | 3 |
| 54 | 27,6 | 33,8 | |
2 | 2015-2016-окуу жылы | 256 | 214 | 124 | 77 | 12 | 1 | 90 | 35,16 | 42,06 | |
3 | 2016-2017-окуу жылы | 307 | 289 | 121 | 126 | 41 | 1 | 168 | 54,7 | 58,1 | |
4 | 2017-2018-окуу жылы | 307 | 277 | 111 | 108 | 57 | 1 | 166 | 54,1 | 59,9 | |
Жогорудагыларды угуп талкууулап чыгып Баткен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаардык билим берүү мекемелеринин окуучуларга берип жаткан билим сапатынын маалыматы кабыл алынгандыгы белгилегенсин.
2.Шаардагы билим берүү мекемелеринде билим алып жаткан, шаар балдарынын билим денгеелин мындан ары да жогорулатып, өсүп жаткандыгын тастыктоо максатында, окуучулар арасындагы шаардык, областтык жана республикалык олимпиадаларга жолдомо берилген окуучулардын санын өстүрүү жана жеңүүчүлүккө жеткирүү жагы шаар мэриясына тапшырылсын.
3.Билим берүү мекемелеринде /орус тилдүү мектепте/ жетишсиз кадрлар менен толуктоо үчүн бардык күч аракеттер шаар мэриясы жана шаардык билим берүү бөлүмү тарабынан көрүлүп жаткан иш аракеттер күчөтүлсүн.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин социалдык жактан өнүгүү, жаштар спорт туризм медицина жана маданият маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Мергеновго/ тапшырылсын.
Төрага: | А.Ташбеков |