Загрузка документа…
БАТКЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 27- декабры № 01-8/49
Баткен шаардык жергиликтүү бюджеттин кээ бир бөлүктөрүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» №33 Мыйзамын 31-беренесинин 2-пунтунун жана Баткен шаардык кенешинин финансы, экономика жана бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2018-жылдын 9,10,11,14-декабрындагы протоколунун негизинде Баткен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Баткен шаарынын мэриясынын 2018-жылга каралган 2111 «Эмгек акы» статьясы 200,0 мин сомго кыскартылып, Баткен шаарынын мериясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2018-жылга каралган сметасынын 2111 «Эмгек акы» статьясы 200,0 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
2.Баткен шаарынын мериясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2018-жылга каралган сметасынын 2225 «Күзөт үчүн» статьясы 150,0 мин сомго, 3111 «Имарат жана курулмалар» статьясы 758,4 мин сомго 2231 «Коммуналдык чыгымдар» статьясы 100,0 мин сомго,3112 «Машина жана жабдуулар статьясы 50,0 мин сомго, 2222 «предметтик материалдарды сатып алуу статьясы 50,0 мин сомго баары болуп 1108,4 мин сомго, «Нур» калыптандыруу борборунун 2018-жылга каралган сметасынын 2215 «Ар турдуу чыгымдар» статьясы 36,0 мин сомго, 2221 «Учурдагы ремонт иштери» статьясы 100,0 мин сомго, 2231 «Коммуналдык чыгымдар» статьясы 43,0 мин сомго баары болуп 179,0 мин сомго, билим берүү бөлүмнүн орто мектептеринин 2018-жылга каралган сметасынын 2215 «Ар түрдүү чыгымдар» статьясы 18,5 мин сомго, 2222 «Предметтик материалдарды стып алуу» статьясы 27,2 мин сомго, 2224 «көмүр сатып алуу статьясы 19,7 мин сомго, 2231 «Коммуналдык чыгымдар» статьясы 50,0 мин сомго 3112 «Машина жана эмеректер» статьясы 11,3 мин сомго баары болуп 126,7 мин сомго, Маданият бөлүмүнүн 2018-жылга каралган сметасынын 2215 «Ар турдуу чыгымдар» статьясы 35,3 мин сомго, 2222 «Предметтик материалдарды сатып алуу» статьясы 6,7 мин сомго 3112 «Машина жана жабдуулар» статьясы 4,5 мин сомго баары болуп 46,5 мин сомго,шаардык бибилиотеканын 2018-жылга каралган сметасынын 2212 «Коммуналдык чыгымдар» статьясы 20,0 мин сомго,шаардык ички иштер бөлүмүнүн 2018-жылга карлаган сметасынын 2214 «Транспорттук чыгымдар» статьясы 8,0 мин сомго, 3112 «Машина жа жабдуулар» статьясы 70,0 мин сомго баары болуп 78,0 мин сомго,шаардык аскер комиссариатынын 2018-жылга каралган сметасынын 2224 «көмүр сатып алуу» статьсяы 40,0 мин сомго, жалпы 1598,4 мин сомго кыскартылып,Баткен шаарынын мэриясынын алдындагы муниципиалдык менчик департаментинин 2018-жылга каралган 2215 «Ар турдуу чыгымдар» статьясы 1598,4 мин сомго көбөйтүлүп берилсин.
3.Шаар ичинде ЕБР тарабынан долбоорлонуп жасалып жаткан “таза суу жана канализация тутумдары” долбоорунун кередиттик кайтарымынын пайызы ММД 2018-жылга каралган 2215 “Ар түрдүү чыгымдар” статьясынан 1598,4 мин сом төлөнүүгө макулдук берилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин финансы жана экономиа маселелери боюнча туруктуу комиссиясына /М.Бурканов/ тапшырылсын.
Төрага: А.А.Ташбеков