Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 21-январы №07
“Марко-Поло” пансионатында жайгашкан Оргочор айыл өкмөтүнүн балансасында турган 0,72га жер Оргочор айыл өкмөтүнөн П.Десятниковго ижарага берилген пляждык жер тилкесинин келишимин жокко чыгаруу жөнүндө
Күн тартибине коюлган “Марко-Поло” пансионатында жайгашкан Оргочор айыл өкмөтүнүн балансасында турган 0,72га жер Оргочор айыл өкмөтүнөн П.Десятниковго ижарага берилген пляждык жер тилкесинин 2013-жылы 17-июльда түзүлгөн келишимин жокко чыгаруу боюнча айылдык кеңештин депутаты А.Мамбетакуновдун баяндамасын угуп жана бул маселе талкууланып Оргочор айылдык кеңешинин XXVII чакырылышынын кезектеги 30- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Марко-Поло” пансионатында жайгашкан Оргочор айыл өкмөтүнүн балансасында турган 0,72га жер Оргочор айыл өкмөтүнөн П.Десятниковго ижарага берилген пляждык жер тилкесинин 2013-жылы 17-июль айында түзүлгөн келишимдин мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу келишим жокко чыгарылсын.
2.Токтомдун аткарылышын камсыздоо айылдык кеңешинин туруктуу жер комиссиясына милдеттендирилсин.
Тѳрага | Т. Сманов |
|
|