Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-январы №60
Торкен айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетинин аткарылышы, 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетин жана 01.01.2019 –жылга негизги жана атайын каражаттан калган калдыктарын бекитүү жөнүндөгү маселени А. Суеркулов атындагы айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги XVI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Торкен айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бюджетинин аткарылышы боюнча Торкен айыл аймагынын ФЭБ башчысынын убактылуу милдетин аткаруучусу Б.Өмүрбаеванын отчету канааттандырарлык деп табылсын.
2. Торкен айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүнүн жалпы суммасы (Республикадан берилүүчү каражаттарды кошо эсептегенде) - 14451,9 миң сомго бекитилсин.
3. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү - 4941,0 миңге сомго бекитилсин.
4. Торкен айыл өкмөтүнүн 2018-жылга атайын каражатынын киреше бөлүгү - 900,0 миң сомго бекитилсин.
5. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн резервдик фондусунун 2019-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1% ке чейинки өлчөмүндө 144,5 миң сомго бекитилсин жана жыл ичинде бюджетте өзгөрүү болсо резервдик фонддун суммасы дагы өзгөрүүлөрү белгиленсин.
6. Торкен айылдык Кеңешинин төрагасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамын 33-беренесинин 5-пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча Улуттук Агентигинин 2013-жылдын 15-январындагы №04/24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
7. Торкен айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аппарат кызматкерлерине Токтогул шаарына отчет тапшыруу үчүн барган күндөрүнө сапар чыгымы төлөнүп берүү жагы белгиленсин.
8. Торкен айыл өкмөтүнүн ФЭБ башчысына жыл ичиндеги жергиликтүү бюджеттин өзгөрүүсү болсо, айылдык Кеңешине маалымат берип туруусу милдеттендирилсин.
9. Торкен айыл өкмөтүнүн негизги счеттон 01.01.2019 – жылга калган – 2022,5 миң сом калдыгы төмөндөгү статьяга бөлүнсүн .Аппаратка: 2215 беренесине – 1158,3 миң сом, 2221 беренесине - 450,0 миң сом, 2222 беренесине - 175,5 миң сом,
Жалпы: 1783,8 миң сом.
Бала-бакчага: 2215 беренесине – 27,0 миң сом, 2218 беренесине – 61,5 миң сом,
2222 беренесине -38,2 миң сом. Жалпы: 126,7 миң сом
Мектептерге: 2215 беренесине –101,5 миң сом. Маданиятка: 2222 беренесине – 10,5 миң сом.
10. Торкен айыл өкмөтүнүн атайын каражаттан 01.01.2019-жылга калган 763,5 миң сом калдыгы төмөндөгү статьяга бөлүнсүн; аппаратка : 2215 беренесине – 566,3 миң сом, 3111 беренесине – 185,2 миң сом, бала-бакчага: 2218 беренесине – 12,0 миң сом. Жалпы: 763,5 миң сом.
11. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөл жүргүзүү жагы А.Суеркулов атындагы кеңешинин Экономика, план, бюджет, чакан орто бизнести өнүктүрүү инвестиция тартуу боюнча комиссиясына тапшырылсын.
12. Бул токтом мамлекеттик тилде кабыл алынды.
13. Токтомду www. Тorken.kg веб сайтына жайгаштыруу оператор-компютерщик Т.Кебековго тапшырылсын.
14. Бул токтом www.Torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн баштап күчүнѳ кирет.
Тѳрага | У.Бучуков |
|
|