Загрузка документа…
А. СУЕРКУЛОВ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-январы №61
Жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджетин бекитүү жөнүндөгү маселени А.Суеркулов атындагы айылдык Кеӊешинин VIII чакырылышынын
XVI сессиясы карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайыт комитетинин 2019-жылга карата бюджети 785000 (жети жүз сексен беш миӊ) сомго бекитилсин.
2. Жайыт комитетинин кызмат унаасы жок болгондугуна байланыштуу Жайыт пайдалануучулар бөлүмүнүн башчысы Токтогазиев Уландын В 432 ам 199 номерлүү ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү менчик унаасы кызмат унаа катары колдонулсун.
3. Жайыттын бюджетин так аткаруу, максаттуу пайдалануу жагы жайыт комитетинин төрагасы У.Токтогазиевге милдеттендирилсин.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
5. Бул токтом www.torken.kg сайтына жарыяланган күндѳн тартып күчүнѳ кирет.
Тѳрага | У.Бучуков |
|
|