Редакцияот 01.08.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңеш айылдык кеӊешинин III чакырылышынын кезектеги XVII сессиясы

 

2018-жылдын 01-августу №17/1

Ош областынын Кара-Кулжа районунун Кенеш айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун белгилөө жөнүндө 

 

Кенеш айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоорун тактоо боюнча Кеңеш айыл аймагынын 2018-жылынын баш оона айынын 01-деги № 48-буйругунун негизинде бекитилген , “Кыргызмамжердолбоорлорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы даярдаган Кеңеш айылдык аймагынын Кеңеш ,Пор калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча материалдарын карап чыгып, Жер Кодексинин 18-беренесинин 4-пунктуна ылайык Кенеш айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 1.Кара-Кулжа районунун Кенеш айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча , “Кыргызмамжердолбоорлорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдаган материалдары жактырылсын.

2. Кенеш айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын белгилөө долбоору боюнча , “Кыргызмамжердолбоорлорлоо” мамлекеттик институтунун Республикалык топурак агрохимиялык станциясы тарабынан даярдаган материалдары Кара-Кулжа райондук амалектеттик администрациясына бекитүүгө сунушталсын.

3.Токтомду көзөмөлдөөгө алуу жагын өзүмө калтырам.

 

Тѳрага

М. Пусурманкулов