КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кеңеш айылдык кеӊешинин III чакырылышынын кезексиз XVIIII сессиясы
2018-жылдын 11-сентябры №19/1
Кенеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин сметасына кошумча каражаттардан чыгымдоо жөнүндө
Кенеш айыл өкмөтүнүн бюджетинин сметасына кошумча каражаттардан чыгымдоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 1-бөлүмүнүн 6-пунтына ылайык депутаттардын Кеңеш айылдык аймактык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Кеңеш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга каралган бюджетке кошумча түшкөн каражаттын эсебинен Кеңеш айыл аймагындагы элдин үлүшүнө чыгарылуучу “Кыз-Мазар” суу насосуна 170 (жүз жетмишмиң) акча каражаты айыл өкмөтүнүн бюджетинен бөлүнүп берилсин.
2 .Бул каражатты бөлуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана финансы –экономика бөлүмүнүн башчысына жүктөлсүн.
Тѳрага | М. Пусурманкулов |
|
|