Редакцияот 25.09.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Кеңеш айылдык кеӊешинин III чакырылышынын кезексиз XХI сессиясы

 

2018-жылдын 25-сентябры №21/1

Кеңеш айылдык аймактык Кенешинин 18.05.2018-жылдагы № 16/ 2 жана № 16/3 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө

 

 Кара-Кулжа районунун прокуратурасынын № 11-1214-18 20.09.2018-жылдагы каршылык билдирүүсүнө ( протест ) негиз Кенеш айылдык аймактык Кенешинин 2018-жылдын 18-майындагы № 16/ 2 жана 16/3 сандуу токтомун жокко чыгаруу боюнча Кенеш айылдык аймактык Кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Кенеш айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүү боюнча Жер комиссиясынын курамын бекитүү боюнча чыккан 2018-жылдын 18-майындагы №16/2 жана 16/3 сандуу токтому Кара-Кулжа районунун прокуратурасынын № 11-12-14-18- 20.09.2018-жылдагы каршылык билдирүүсүнүн ( протест) негизинде жокко чыгарылсын.

2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагын Кеңеш айылдык аймактык Кенешинин төрагасы М.Пусурманкулов өзүмө алам.

 

Тѳрага

М. Пусурманкулов