Загрузка документа…
КЕӉЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры №21/2
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 сандуу токтому менен жактырылган жана Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңешинин 2007-жылдын 29-июнундагы № 1997-Ш сандуу токтому менен бекитилген “айыл чарба жерлерин , мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу” Типтүү Жоболордун 21 жана 22 пункттарына ылайык , айыл чарба жерлерин, мамлекеттик фондунун жерлерин аукцион аркылуу ижарага берүүдө мыйзамдуулуктун сакталышын көзөмөлдөө максатында Кенеш айылдык аймактык Кенешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айылдык аймактык Кеңешинин аймагында айыл чарба жерлерин, мвамлекеттик фондунун жерлерин аукциони аркылуу ижарага берүүдө төмөндөгүдөй Жер комиссиясынын курамы түзүлсүн;
1. Токторов Дүйшөбек -№1-4 мандаттуу “Пор” айылдык округунун депутаты,комиссиясынын төрагасы,
2. Мааткеримов Алмаз -Айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы, комиссиянын катчысы.
Мүчөлөрү
3. Чымынов Эрмамат -Пор айылынын айыл башчысы,
4. Асилбеков Бекболот -Кеңеш айылынын айыл башчысы,
5. Турдуев Маратбек -Айыл өкмөтүнүн жер маселелери боюнча башкы адиси,
6. Бекмурзаев Адилашим -№2-7мандаттуу “Аткелтир” округун депутаты
7. Шанаов Абдылда -Кара-Кулжа райондук айыл чарба департаментинин өкүлү
8. Жусупов Бахытбек -№2-7мандаттуу “Аткелтир” округун депутаты
9. Аракеев Жолдошбай -Айыл өкмөтүнүн салык кызматкери
2. Жер комиссияныны курамын бекитүү үчүн Кенеш айылдык Кеңешине жөнөтүлсүн.
3. Комиссиянын аткарган иштерин көзөмөлдөө жагы Кенеш айылдык аймактык Кенешинин агрардык, азык-түлүк, айыл жана суу чарба, Жерге жайгаштыруу, жер жана ресурстары. Экология жана жаратылыш коргоо боюнча туруктуу комиссиясына (Токторов Дүйшобек) жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине тапшырылсын.
Тѳрага | М. Пусурманкулов |
|
|