Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 31-январы №2
Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын бюджетинин долбоорун бекитүү жөнүндө Айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Ж.Сартованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел- Алды айылдык кенешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXI-сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөөмү өздүк бекитилген киреше (атайын каражатты кошкондо) 1907,0 миң сомго, тендөөчү грант 4145,4 миң сомго жалпысы: 5995,5миң сомго бекитилсин.
2. Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2019-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү 5995,5миң миң сомго ылайык бекитилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн резердик фондусуна 2019-жылга жалпы бюджеттин көлөмүнүн 1%ти 60,0 миң сом бекитилсин .
4. Бел-Алды айылдык кенешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администратция жөнүндөгү мыйзамынын 33-беренесинин 5-пункутуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин
5. 2013-жылдын 15-январындагы №04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтуу бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
6. Айыл өкмөтүнүн бюджетин узгултуксуз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин
7 Айылдык Кенештин сессиясына уюштуруу туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга ж.б кетүүчү чыгымдарын жергиликтүү бюджете айыл өкмөттө каралган статьялардан жумшалсын.
8. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Сартовага милдеттендирилсин.
9.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
10.Бул токтом сайтка жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет
11.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳрага | Ж.Боромбаев |
|
|