Редакцияот 31.01.2019
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XХI сессиясы

 

2019-жылдын 31-январы №6

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө”

 

Жалал-Абад областынын Токтогул районундагы Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги ХХI сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө келишими бекитилсин.

2. КР Финансы министирлиги тарабынан бекитилген 2008-жылдын 24- ноябрындагы № 192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы айыл аймагынын ФЭБ башчысы Ж. Сартовага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бел-Алды айыл аймагынын экономист-статисти Н. Жолдошовага милдеттендирилсин.

4. Бул токтом сайтка жайгаштырылган күндөн тартып күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

Тѳрага

Ж.Боромбаев