Загрузка документа…
БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 31-декабры №36
Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бюджетинин аткарылышын кабыл алуу,айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Ж.Сартованын билдирүүсун угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кенешинин VI чакырылышынын X сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы бюджетинин аткарылышы айрым сунуштарды эске алуу менен канааттандырарлык деп табылсын.
2.Бел-Алды айыл аймагындагы Бел-Алды айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджети 1523,5(бир миллион беш жүз жыйырма үч миң беш жүз) сом,Республикалык гранттан берилүүчү теңдөөчү грант 4249,39(төрт миллион эки жүз кырк тогуз миң үч жүз)сом болуп жалпы 5772,8 миң сомго киреше бөлүгү бекитилсин.
3.Бел-Алды айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4.Бел-Алды айыл өкмотүнүн резервдик фондунун 2018-жылга көлөмү жалпы бюджеттин 1% 57,7 миң сомго бекитисин.
5.Бел-Алды айылдык кеңештин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33- беренесинин 5-пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы 3 04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсация төлөнүүсү белгиленсин.
6.Айылдык Кеңештин сессиясына уюштуруу, туруктуу комиссиялар менен иш алып баруу жана иш кагаздарын аткарууга жана башка кетүүчү чыгымдарын жергиликтүү бюджеттен айыл өкмөттөн каралган статьялардан жумшалсын.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет маселелери боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын
8.Бул токтом сайтка жайгаштырылсын.
9.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Ж.Боромбаев |