Редакцияот 31.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БЕЛ-АЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Бел-Алды айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХ-сессиясы

2018-жылдын 31-декабры №37

Бел-Алды айыл аймагындагы айыл чарба жерлеринин ставкасын 2019-жылга көтөрүү жөнүндө

 

«Бел-Алды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктарын кенейтүү жана жергиликтүү бюджеттеринин кирешелерин көбөйтүүмаксатында.Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-болүгүнүн негизинде Бел-Алды айыл аймагынын айыл чарба жерлерин ставкасын көтөрүү жөнундөгү айыл өкмөтүнүн каржы бөлүм башчысы Ж.Сартованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Бел-Алды айылдык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги XXсессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.    Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337- беренесинин 6-бөлүгүнүн негизинде Бел-Аnлды айыл өкмөтүнүн айыл чарба жер салыгынын ставкасы негизги ставкадан 0,80%ге же бир жолку көтөргөндөн кийинки ставкадан 0,30% га көтөрүлсүн.

2.    Суугат жер 215 сом 10тыйын, Кайрак жер 56сом07тыйын, Чабынды жер 27сом36тыйын, көп жылдык бак 180 сом 90тыйын, жайыт жери 11сом 61тыйын болуп бекитилсин.

3.    Көбөйтүлгөн ставка менен эсептеп чыгуу жагы ФЭБ башчысына милдетендирилсин.

4.    Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.

5.    Бул токтом сайтка жайгаштырылсын

6.    Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Ж.Боромбаев