Редакцияот 27.10.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-БУЛУН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Булун айылдык кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезектеги XIХ сессиясы

 

2018-жылдын 27-октябры №5

Ак-Булун айылдык кенешинин ченемдик укуктук актыларын мамлекеттик тилде кабыл алуу жөнүндө

 

Ак-Булун айыл аймагынын 99 пайызы кыргыз улутундагы калк жашагандыктан Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Мыйзамынын 26-беренесинин айылдык кенештин регламентинин негизинде Ак-Булун айылдык кенеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Ак-Булун айыл аймагында укуктук актылар мамлекеттик тилде кабыл алынсын.

2.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын.

3.Токтом Ысык-Көл областык юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүлсүн.

4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.

 

Тѳрага

Алымжан уулу Исламбек