Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-январы №95
Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2018-жыл ичинде жүргүзгөн иштери жөнүндө айыл өкмөт башчысы Н.Молдомусаевдин отчетун угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевдин 2018-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери канаттандыраарлык деп табылсын.
2.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Молдомусаевке жана айыл өкмөтүнүн аппаратынын кызматкерлерине төмөндөгү иштерди аткаруу жагы тапшырылсын:
-2019-жылга аткарылуучу иш чараларынын аткарылышын камсыз кылуу;
- инвесторлор менен иш алып баруу жана инвестициаларды тартуу;
-жергиликтүү бюджетке түшкөн кошумча каражаттарды айыл аймактын өнүүгүсүнө жумшалышын камсыздоо;
-2019-жылга суугат суу сезонуна карата айыл аймактын айылдарында арыктарды, каналдарды тазалоо боюнча УОС менен тыгыз иш алып баруу жана баардык ижара жерлерге сугат сууну үзгүлтүксүз жеткирүү үчүн каналдарды тазалап ачуу;
3. Жазгы айдап себүү жумуштарын мөөнөтүндө аяктоо менен жогорку түшүм алуу үчүн болгон аракеттерди жасоо жагы айыл башчыларына, жер адисине, статист-экономист С.Жолдошовага, айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Байсабаевке милдеттендирилсин.
4.Жарандардын өтүнүч суроо талаптарына, арыз даттанууларына сергек мамиле жасап, өз убагында тиешелүү мекемелер менен бирдикте чечип берүүгө көңүл буруу жагы айыл өкмөттүн аппаратынын кызматкерлерине милдеттендирилсин.
5. Жугуштуу ооруларды алдын ала болтурбоо чараларын көрүү, балдарды эмдөө, кургак учукка каршы дарылоо иштерин жүргүзүү жагы ЖДПБ, ГСВ, ФАПтардын башчыларына милдеттендирилсин.
6. Укук тартибин чындоо жана укук бузуучуларга каршы күрөшүү,мектеп окуучуларынын арасында тартипти чындоо боюнча оперативдик иш чараларды иштеп чыгуу боюнча иш жүргүзүү жагы уч.инспекторго, жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясына тапшырылсын.
7.Айыл аймактын айылдарында малдарды жугуштуу ооруларга карата эмдөө максатында малдардын так санын алуу жана жугуштуу ооруларга каршы эмдөөнү өз убагында толук жүргүзүү жагы вет.адис К. Жумабековго жана Үч-Терек жайыт пайдалануучуларынын жайыт комитетинин төрагасы Ж.Сатыбаевге милдеттендирилсин.
8.Жайыт комитетинин ишин алга жылдыруу максатында жайыт жер салыгын жайыт комитетинин бюджеттеги өздүк эсебине төгүү жагы бекитилсин.
9. Малдарга кол салган карышкырларды жана жолбун ит мышыктарды атуу боюнча айыл аймактын мергенчилеринин так жана мыйзамдуу иш алып баруусу колго алынсын.
10. Аз камсыз болгон үй бүлөлөргө, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам көрсөтүү жана балдарына пасобия алган энелердин тизмесин тактап айыл өкмөттүн доскасына илип туруу жагы соц. адис Г.Жусукеевага милдеттендирилсин.
11.Маданият,дене-тарбия жана спортту өнүктүрүүдө аймактык денгээлде ар кандай спорттук мелдештерди жана маданий иш чараларды уюштуруу жана өткөрүү жагы айылдык клубдардын жетекчилери,айыл өкмөттүн жаштар уюуму жана дене-тарбия мугалимдери менен бирдикте уюштурулсун.
12.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин төрагасынын орун басары Ж.Тойтиевага тапышырлсын.
13.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
14.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳраганын орун басары | Ж.Тойтиева |
|
|