Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26 январы №96
«Жалал-Абад областындагы Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын Атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекция » мамлекеттик мекемесинин Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча « Байкоочу кеңештин өкүлү» Ы.Калугуловдун 2018-жыл ичинде жүргүзүлгөн иштери боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Жалал-Абад областынын Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазы-Кечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын башкаруу боюнча дирекциясынын» мамлекеттик мекемесинин Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча «Байкоочу кеңештин өкүлү» Ы.Калугуловдун 2017-2018-жылдары аткарган иштери боюнча маалыматы эске алынсын.
2.Үч-Терек айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана социалдык обьектилерди курууга 2019-жылда Атайын эсептердин каражаттарынан бөлүнүүчү акча каражаттарынын туура бөлүштүрүлүшүн камсыз кылуу жагы Ы.Калугуловго тапшырылсын.
3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳраганын орун басары | Ж.Тойтиева |
|
|