Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26 январы №97
Үч-Терек айыл өкмөтү боюнча 2019-жылга жергиликтүү жана Республикалык бюджеттин бекитүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевдин угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгү жергиликтүү салыктардан жана топтоонун көлөмү №1 тиркеменин негизинде 2019-жылгакарата 11661,1миң сом,мунун ичинен 708,9 сом жайытпайдалануучулардан,атайын каражаты 1300,0 миң сом түзөт,теңдөө гранты 4689,0 миң сом, жалпы 16350,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин жана өз убагында жыйноону камсыздоо Үч-Терек айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2.Үч-Терек айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү № 2 тиркеменин негизинде 2019-жылга карата 16350,1 миң сом өлчөмүндө бекитилсин.Эң биринчи эмгек акыга ,со фондко чегерүүлөргө жана комуналдык чыгымдарга жумшалары белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн 1 пайызга чейинки же болбосо 142,3 миң сом өлчөмүндө айыл өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
4. Үч-Терек айыл аймагынын бюджеттик эсебинде 2019-жылдын 1-январына карата калган калдык негизги каражаттан 92,0 миң сомду түзөт.Атайын каражаттан калган калдык 1147,5 миң сомду түзөт.Мунун ичинен 1144,3 миң сом аппараттан 3,2 сом балдар бакчасынын эсебинде калган.Көрсөтүлгөн акча каражаттары № 3 тиркеменин негизинде жумшалары белгиленсин.
5. Үч-Терек айыл аймагынын бюджеттен 700,0 миң сом Үч-Терек айыл өкмөтүнүн алдындагы УИТ ишканасына субсидия болуп эмгек акыга жумшалары белгиленсин.
6.Үч-Терек айылдык кеңешинин төрагасына жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү мыйзамынын 33-беренесинин 5-пунктуна жана өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук Агенттигинин 2013-жылдын 15-январындагы № 04-24/4-1 буйругуна ылайык жергиликтүү бюджеттен компенсасация төлөнүүсү белгиленсин
7.Жогорудагы бекитилген жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча сметада каралган акча каражаттарын статьялар боюнча өз багытында жумшоо жагы башкы бухгалтер К.Көкөевке милдеттендирилсин.
8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетинин төргасына жүктөлсүн.
9.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
10.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳраганын орун басары | Ж.Тойтиева |
|
|