Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26-январы №100
Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн субъектилери менен байланыштагы жана ККБнын жумушуна тартылган милдетүү,ыйгарым укуктуу кызматкерди дайындоо боюнча айыл өкмөттүн жоопту катчысы Дамира Уркуналиеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңештин VII-чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБО) тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды көрсөтүү Кыргыз Республикасынын бир катар ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынган Калкка жеткиликтүү жана сапаттуу кызмат көрсөтүү инструменттердин бири болуп айыл өкмөткө караштуу көп тармактуу функционалдуу кызмат көрсөтүүчү борбор(ККБ) түзүлсүн.
2. Мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн субъектилери менен байланыштагы жана ККБнын жумушуна тартылган милдетүү,ыйгарым укуктуу кызматкер болуп айыл өкмөт башчысынын орун басары А.Байсабаев бекитилсин.
3.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4 .Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳраганын орун басары | Ж.Тойтиева |
|
|