Загрузка документа…
ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 26 январы №101
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын «жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» жана«жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жетекчиликке алуу менен, Үч-Терек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1.«Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү тартиби жөнүндө келишими» бекитилсин.
2.КР.Финансы министрлиги тарабынан бекитилген 2008-жылдын 24-декабрындагы № 192 буйругунун 2-формасына ылайык статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашырууга бөлүнгөн финансылык каражаттарды көзөмөлдөө жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Көкөевкө милдеттендирилсин .
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айыл аймагынын экономист-статисти С.Жолдошовага милдеттендирилсин.
4.Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5.Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Тѳраганын орун басары | Ж.Тойтиева |
|
|